КоомСаясат

Уланбек Султанов Россиянын жана Казакстандын ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын башчысы Уланбек Султанов, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин өкүлү полициянын полковниги Антон Кочетов жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ички иштер министрлигинин өкүлү полициянын генерал-майору Аян Дуйсембаев ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө баңгикылмыштуулукка жана баңгиликке каршы туруу жаатындагы маанилүү маселелер талкууланды.

Жолугушуунун катышуучуларынын негизги көңүлү КМШга катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын баңгизатка каршы бөлүмдөрүнүн биргелешкен билдирүүсүн ишке ашырууга багытталды. Аталган чечимдин ийгиликтүү аткарылышы КМШ мамлекеттеринин аймагында баңгикылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү үчүн негизги мааниге ээ экендиги баса белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар калкты баңгикылмыштуулукка жана баңгизаттарды керектөөгө тартууга каршы аракеттенүүнү активдештирүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары баңгизаттарга көз карандылыкты алдын алуу чараларын күчөтүү, баңгиликти алдын алуу программаларынын алкагында инновациялык ыкмаларды киргизүү жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле, жолугушууда баңгизаттарды алдын алуу демилгелерин комплекстүү колдоону күчөтүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында окутуу жана тажрыйба алмашуу жаатындагы биргелешкен күч-аракеттерди, ошондой эле баңги кылмыштарын аныктоо жана бөгөт коюу үчүн заманбап технологияларды интеграциялоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары баңги кылмыштар менен күрөшүүдө кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирип, аймактык жана эл аралык деңгээлдерде аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button