Саясат

Өмүрбек Бабанов “Центеррадан” 150 млн доллар пара алган

“Центерра” президенттерге 150 млн, премьерлерге 50 млн, депутаттарга 100 миң доллардан берип турган. “Кумтөрдүн” ызы-чуусунун тегерегиндеги абал жайдын аптабынан ашып өтүп катуу ысыды. Депутаттар кечетен бери суракка чакырылып, алдыңкы лөктөрү камалды.

Аларга карата негизги айып – 2010-2015-жылдагы чакырылыштагы депутаттардын Кумтөрдү улутташтырууга каршы чыгышып, канадалыктарга адвокат болгонунда. Алардын катарында Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда “Центерранын” таламын талашып, Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар менен кызыл-чеке болуп айтышканы архивдерде турат. Бул тууралуу agym.org сайты жазды.

Кумтөрдөгү мыйзам бузууларды текшерүү учурунда ачыкталган айрым маалыматтарга караганда, ар бир президент жана премьер-министрдин мезгилинде “Центерра” президентке 150 млн, премьерге 50 млн жана депутаттарга 100 миң доллардан берип турган экен.

2014-жылы Темир Сариевдин шайлоо өнөктүгүнө катышуусун Центерра каржылаган.

Аталган компаниянын президенти Деон Баден Хорст түшкү тамактануусуна эле 85 миң сом коротчу экен, бул акча Кыргызстандын үлүшүнөн Кумтөрдүн эсебинен бөлүнүп берилчү.

Элестетип көргүлө, 30 жылдан бери Кыргызстан болгону 1,5 млрд, ал эми “Центерра” болсо 11 млрд доллар киреше тапкан.

Ошондуктан элдин жонунан кайыш тилип, өздөрү жыргаган аткаминерлер, Кумтөр боюнча кылмыштуу иштерге аралашкандар мыйзамга ылайык жооп берип, жазасын өтөшү керек.

Дагы бир факт: Кумтөр иши башталгандан бери жумасына 25 млн долларга, айына 70 млн долларга, жылына 1 млрд долларга алтын өндүрүп келген, ал эми 30 жылда Кыргызстан 30 млрд долларга ээ болуп, ит аягыбызга чейин алтындан жасалып калышы керек эле да!

Мөңгүлөрдү талкалоого жол берген, улутташтырууга каршы чыккан, “Центеррага” жан тарткан депутаттар, өкмөт башчылары жазасын толук алышсын. Бул элдин да, учурдун да талабы. Өздүк маалыматтар кабарлагандай Өмүрбек Бабанов, Темир Сариевдер “Центеррадан” 100-150 миллион доллар алганы боюнча фактылар бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button