Коом

Министр: Маалыматтык саясаттын жаңы концепциясы үчүн көп эксперттер тартылды

Бүгүн, 3-июнда Бишкекте КРнын маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун талкуулоо жүрүп жатат. Иш-чаранын жүрүшүндө жакынкы жылдарга карата өлкөнүн маалыматтык саясат концепциясынын долбоору талкууланып, медианын өкүлдөрү катышууда. Ал бирдиктүү иштердин эң эле маанилүү учурларын өзүнө камтыйт. Заманбап тенденцияларды эске алуу менен мамлекеттик органдардын жана медаи коомдун ишине жаңы мамилелерди иштеп чыгуу зарыл. Аталган концепция дал ушул максаттарга багытталган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев мындай пландар мурда эле болгонун айтып, Европа биримдигинин колдоосунун аркасында маселелер жана анын келечеги талкууланганын белгиледи.

«Биз бул ишке эксперттерди жана журналисттерди тарттык. Аталган долбоор талкууланып, пикирлер чогултулуп, эксперттердин кайтарым байланыш алынды. Бүгүн биз аталган концепциянын ар бир бөлүгүн талкуулайлы деп турабыз. Мен эгер концепция ийгиликтүү ишке ашырылса, анда ал улуттук саясатты жаңыртууга кызмат кылат деп ойлойм. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жакында эле жаңы Конституция кабыл алынды жана эми жаңы мыйзамдар жаңы Баш мыйзамга ылайык иштеши керек. Бул концепция өтө маанилүү. Ал боюнча көп сунуштар берилди»,-деди Иманалиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button