Саясат

Кыргызстан Антигуа жана Барбуда менен дипломатиялык мамиле түздү

Кыргызстан менен Антигуа жана Барбуда ортосундагы дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан эчи Эдил Байсалов, Антигуа жана Барбуда тарабынан Жогорку комиссар Карен Мэй Хилл айым документке кол коюшту.

Биргелешкен коммюнике кол коюлган заматтан тартып күчүнө кирет.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, эки өлкөнүн миссияларынын башчылары эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Тараптар Кыргызстан менен Антигуа жана Барбуда ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого каалоолорун билдиришти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button