Коом
Маяналар кайсы тармакта канча пайызга көтөрүлдү? Статистика
Улуттук статистика комитети жыл башында кайсы тармактарда орточо айлык көбөйүп, кайсы тармакта ошол бойдон калганын тууралуу маалымат берген.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген көпчүлүк ишканаларда айлык төмөндөгүдөй көрсөткүчтө жогорулады:
- маалымат жана байланыш тармагында — 26,9 пайыз;
- транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында — 11,5 пайыз;
- мейманкана жана ресторан тармагында — 11,1 пайыз;
- илимий жана техникалык ишмердүүлүк менен алектенген тармактарда — 10,1 пайыз;
- баалуу металлдарды казуу тармагында — 10 пайыз;
- өндүрүш иштетүү тармагында — 9,2 пайыз;
- дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо тармагы — 8,5 пайыз;
- суу менен камсыздоо, таштанды иштетүү тармагы — 6,6 пайыз.
Ошол эле учурда электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо жана курулуш тармактарында иштегендердин айлыгы өскөн жок.
Кыргызстанда орточо айлык 18 миң сомдун тегерегинде деп эсептелет.