Бишкек шаардык кеңешин кайра шайлоого катышууну каалаган 13 партия
Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 13 партия документтерин тапшырды. Бул 7-июнга карата алынган маалымат.
11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылгандан кийин Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлда өтө турган болгон.
Документтерин өткөргөн партиялар:
1. «Өнүгүү-Прогресс» (партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев);
2. «Социал-демократтар» (партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков);
3. «Замандаш» (партиянын жетекчиси Аскарбек Өмүракунов);
4. «Келечек-Будущее» (партиянын жетекчиси Чыңгыз Макешев);
5. «Ата Журт — Кыргызстан» (партиянын жетекчиси А.Маткеримов);
6. «Биздин Кыргызстан» (партиянын жетекчиси А.Осмонов);
7. «Ынтымак» (партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев);
8. «Жаңы мезгил» (партиянын жетекчиси А.Казакбай кызы);
9. «Биздин Эл» (партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов);
10. «Туран» (партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан);
11. «Эмгек» (партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов);
12. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы (партиянын жетекчиси Артур Медетбеков);
13. Кыргызстандын жашылдар партиясы (партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев).