Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 13 партия документтерин тапшырды. Бул 7-июнга карата алынган маалымат.

11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылгандан кийин Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 11-июлда өтө турган болгон.

Документтерин өткөргөн партиялар:

1. «Өнүгүү-Прогресс» (партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев);

2. «Социал-демократтар» (партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков);

3. «Замандаш» (партиянын жетекчиси Аскарбек Өмүракунов);

4. «Келечек-Будущее» (партиянын жетекчиси Чыңгыз Макешев);

5. «Ата Журт — Кыргызстан» (партиянын жетекчиси А.Маткеримов);

6. «Биздин Кыргызстан» (партиянын жетекчиси А.Осмонов);

7. «Ынтымак» (партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев);

8. «Жаңы мезгил» (партиянын жетекчиси А.Казакбай кызы);

9. «Биздин Эл» (партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов);

10. «Туран» (партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан);

11. «Эмгек» (партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов);

12. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы (партиянын жетекчиси Артур Медетбеков);

13. Кыргызстандын жашылдар партиясы (партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев).