Коом

Шашылыш билдирүү! Бишкекте катуу шамал жүрүшү күтүлүүдө

Гидрометеорологиялык борбордун билдирүүсү боюнча, 10-июнда Бишкек шаарында туруксуз аба ырайы күтүлүп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Кырсыктардан жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн Бишкек мэриясы автоунаа айдоочуларга унааларын бак-дарактардын жана жеңил салмактагы нерселердин жанына койбоону сунуштайт.

Урматтуу жарандар! Катуу шамал болгондо этият болуңуздарды өтүнөбүз.

Өзүңүздү сактаңыз!

Эгерде сиз бак-дарактардын же башка нерселердин кулаганына күбө болсоңуз, анда биз менен байланышыңыз: 1840, 1850.

Бишкек шаардык мэриясынын WhatsApp каналы фото жана видео фактылар үчүн иштеп жатат: 0554182185.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button