Коом

Сузак районунда «Аалым Чубак ажы Жалилов» мечити ачылат

2021-жылдын 16-июль күнү Жалал-Абад шаарында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университитети маркум дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Өчпөс өмүр» аттуу илимий конференция уюштурууда.  Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирди.

Конференция алкагында Чубак ажы Жалиловдун өмүр таржымалы, агартуу жаатына кошкон салымы жана эмгектери тууралуу баяндамалар жасалып, кыргыз аалымдарынын басып өткөн жолу боюнча маалыматтар айтылат.

Ал эми 17-июль күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин ачылыш салтанаты болмокчу

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button