Коом
ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери республиканын аймагында “Нелегал-2021” рейдин өткөрүүдө
Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жокторду Кыргыз Республикасынын аймагына келүү жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин так сактоого чакырат.
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жамааттык тутумун өнүктүрүү боюнча аракеттеринин планына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылдын 5-июлунан 12-июлуна чейин “Нелегал-2021” ыкчам алдын алуу иш-чарасы өтүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы