КоомШоу-бизнес

Джеки Чан Кытайдын Коммунисттик партиясына мүчө болгусу келет. Бирок…

Актёр, кинорежиссер, сценарист Жеки Чан Кытайдын Коммунисттик партиясына өтүүнү каалаарын жарыялады.

Өткөн бейшемби күнү Пекинде Кытай кинотасмалары тарабынан уюштурулган симпозиумда актёр Коммунисттик партияны жакшы көрөрүн ачыктады. Бирок, Кытайда көпчүлүк «анын аялынын көзүнө чөп салганын жана уулу баңгизат колдонгонун эстеп, адеп-ахлактык касиети үчүн мүчөлүккө татыктуу эмес»,- деп айтышат.

Иш-чарада Жеки Чан чет жерде жүргөндө кытай экениме сыймыктанам деп көп айтарын белгиледи.

«Мен сиздерге, Коммунисттик партиянын мүчөсү экениңизге көз артып турам. Менин оюмча, Коммунисттик партия улуу, ал убада кылган нерселердин бардыгы бир нече ондогон жылдар бою ар дайым аткарылып келет », — деди ал. «Мен Коммунисттик партиянын мүчөсү болгум келет. Рахмат », — деп кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button