Коом

Кеминде 15 жаштагы кыз төрөдү. Ал ата-энеси ажырашкандан кийин Россияда жашап жүргөн

Чүйдөгү Кемин районунда 15 жаштагы кыз төрөдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-августта болжол менен саат 09:15 чамаларында Кемин районунун ИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, жашы жете элек кыздын төрөтү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жоргорудагы жаңы төрөгөн кыздын өздүгү такталып, ал 2006-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган.

Териштирүү учурунда, 2006-жылы туулган К.А. ата-энеси ажырашкандан кийин алардын бири менен  акыркы үч жылдан бери Россия Федерациясында жашап жүргөн.

“Алдын ала малыматтар боюнча, 2020-жылы аны 2001-жылы туулган А.Ж. аттуу бала менен тааныштырып, аларга нике кыйылып, ошол жакта жашап жүрүшкөн. Кийин кош бойлуу болгондон кийин өз мекенине кайтып келип, Кемин районундагы айылдарынын биринде туугандарынын үйүндө жашап жүргөн.  Үстүбүздөгү жылдын 2-август күнү болжол менен саат 06:30 чамаларында анын төрөгөндүгү маалым болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button