Саясат
Дастан Дюшекеев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалды
Тиешелүү буруйкка Президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.
«Жарлыкка ылайык, Дюшекеев Дастан Станбекович Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды»,-деп айтылат билдирүүдө.