Коом

Өлкөдө 83 айыл таза суу менен камсыздалышы күтүлүүдө

2021-жылга карата пландалган 83 айылда таза суу тутумдарынын курулушунун бүтүшү менен жалпы 167 769 адамдын таза суу менен камсыздалышы күтүлүүдө.   Бул тууралуу  министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык  чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин басма-сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда 13 айылдын курулуш жумуштары бүткөрүлдү, алар: Ош облусунан 8 айыл (Кара-Суу районунун Чайчи, Алп-Ордо, Өзгөн районунун Ботомойнок, жана Ноокат районунун Көк-Жар, Борбаш, Сары-Канды, Алашан, Каранай айылдары), Ысык-Көл облусунан 4 айыл (Ак-Суу районунун Ак-Булак, Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна жана Түп районунун Каркыра, Санташ (Ферма 4 айылдары), Чүй облусунан 1 айыл (Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын Алтын-Ордо конушу).

Тышкы донорлор тарабынан аткарылып жаткан курулуш жумуштары тууралуу:

  1. Дүйнөлүк банк тарабынан 2021-жылга 24 айылды таза суу менен камсыздоо пландалган, анын ичинен: Ош облусу 8 айыл, Чүй облусу 11 айыл, Ысык-Көл облусу 5 айыл.
  2. Ислам өнүктүрүү банкы (1-фаза) тарабынан 2021-жылга 12 айылды таза суу менен камсыздоо пландалган, анын ичинен Жалал-Абад облусундагы 12 айыл.
  3. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоорлор боюнча, 2021-жылга карата ишке ашырылып жаткан 4 шаардын долбоорлорун аяктоо күтүлүүдө, алар: Бишкек (фаза 2), Ош (фаза 2), Чолпон-Ата жана Кызыл-Кыя шаарлары. Аталган шаарларда долбоордо каралган жумуштардын 80 % аткарылып бүттү.
  4. Дүйнөлүк банкы тарабынан 2020-жылы Кербен жана Сүлүктү шаарларындагы долбоорлор официалдуу түрдө жыйынтыкталып, учурда гарантиялык убакыт ичиндегы кошумча оӊдоо-түзөө иштери аткарылууда.
  5. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Нарын облусунун 28 айылын камтыган долбоорду каржылоого 32,9 млн доллары каралып, бүгүнкү күндө аталган долбоорлор боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздарын иштеп чыгуу максатында консультациялык компанияны тандап алуу процедуралары жүрүүдө;
  6. Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 60,0 млн АКШ доллары каралып, долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо жумуштары ишке ашрылылууда. Бул долбоорго Баткен жана Талас облустарынын 61 айылы камтылган.

Республикалык бюджет тарабынан аткарылып жаткан жумуштар тууралуу:

  1. Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү Департаментине 200,0 млн. сом каралып, ага 23 айылда курулуш иштери жүргүзүлүүдө, анын ичинен: Ош облусу 11 айыл, Жалал-Абад облусу 5 айыл, Чүй облусу 1 айыл, Ысык-Көл облусу 3 айыл, Нарын облусу 1 айыл, Баткен облусу 2 айыл.

Бүгүнкү күндө 16 айылдын курулуш иштери аягына чыгуу алдында турат.

  1. Жарандык курулуш Департаментине 200,0 млн. сом каралып, ага 23 айылда курулуш иштери жүргүзүлүүдө, анын ичинен: Ош облусу 2 айыл, Жалал-Абад облусу 11 айыл, Чүй облусу 2 айыл, Ысык-Көл облусу 5айыл, Нарын облусу 2 айыл, Талас облусу 1 айыл.

Бүгүнкү күндө аталган айылдар боюнча курулуш иштери уланууда.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button