Коом

Казак куудулу Турсунбектин кызы кылмышка шектелип кармалды

 Казак куудулу Турсунбектин  кызы кылмышка шектелип кармалды.  Бул тууралуу казак ММКлары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Казакстандын популярдуу куудулу  Турсынбек Кабатовдун кызы  билим берүү тармагындагы эң күчтүү деп эсептелген “Алтын белги” сынагынан жеңип алган. Куудулдун кызы Адеминин ордуна жасалма документ менен тестирлөөгө келип өтүп кеткен. Качан гана шектүүлүк жаралып териштире келгенде анын ордуна сынакка башка бирөө, тагыраагы медициналык окуу жайдын 2-курсунда окуган студент киргени маалым болду.  Учурда куудулдун кызы жана жасалма тестирлөөдөн өтүүнү каалаган студент сурак берген.

Турсынбектин кызы “Алтын белги” сынагынан жеңип, медициналык окуу жайга бекер окууга өтүүгө мүмкүндүк жаралган. Куудулдун туңгуч кызы Адеми 17 жашта. Ал медициналык колледждердин бирине өткөн жана эки жылдан кийин престиждүү деген медициналык жогорку окуу жайга бекер окуй баштамак.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button