Коом

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү көтөрүлөт

Бул тууралуу бүгүн өлкө башчысы Садыр Жапаров аянтта кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.

Президент өз сөзүндө, социалдык колдоого муктаж жарандарыбыздын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, социалдык жөлөк пулдарынын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогорулай турганын белгиледи.

«Өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сеземин. Айрыкча, социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн акыбалы кабыргамды кайыштырат. Азык-түлүк баалары көкөлөгөн азыркы заманда мен социалдык жактан коргоого муктаждардын көргөн күнүн, көйгөйүн күн-түн эсимден чыгарбай, көңүлүмдө түйүп келем. Аларды багып алуу менин милдетим. Кыргыз эч качан жетим-жесирин кор тутчу эмес! Орточо эсеп менен эки жүз миңдей үй-бүлө жакырчылы кта күн кечирүүдө.  Мен алар үчүн жоопкермин. Ошондуктан, эң алды менен ошолордун жашоо шартын жеңилдетүүнүн жолдорун таптык.

Маселен, 2009-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 4000 сомдон көтөрүлө элек экен, октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат», — деди мамлекет башчысы.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button