Коом

ИИМде Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2021-жылдын 9-сентябрында ИИМдин имаратында ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин кеңешчиси Ли Баоцзе жана Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Фань Цзюньвэй менен жолугушуусу болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министирлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальниги Мирлан Мурзалымбеков жана   ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын полковниги Уланбек Султанов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, Кыргызстанда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытында  кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары күчөтүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Нурбек Абдиев эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдар бою калыптанып келген жакшы коңшулук мамилелер Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишенимин билдирди.

Жолугушуу   өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button