Коом

“Кыргызкөмүр”: Калк үчүн көмүр октябрь айынан баштап ташыла баштайт

Калк үчүн көмүр октябрь айынан баштап ташыла баштайт. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик мекемесинин  басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай  чечимди аталган  мекеменин директору Мирлан Жакыпов кабыл алган.

Чечим тоо-кен тармагында иштеген инженер, адистер менен жүргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган.

“Жакынкы 10-15 күндө аба ырайы ачык болгондуктан Кара-Кечеде иш токтоосуз уланат. Анда күнүнө өлкөнүн түндүк регонуна 10 миң тонна көмүр жеткизип турса болот”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу графикке ылайык жүрүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button