Коом

«Төө-Ашуудагы» жолду реконструкциялоого 165 миллион сом бөлүнгөн. Улукбек Марипов оңдоо иштери менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Бишкек-Ош жол тилкесиндеги (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, учурда жол тилкесине асфальт-бетон төшөлүүдө.

«Аба ырайы жагымдуу болгон учурда курулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктайт. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 165 миллион сом каралган.

Улукбек Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.

Ал автомагистралда жол коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button