Коом

Чолпон-Ата шаарындагы «Ден соолук» медициналык реабилитациялык комплексинде оңдоо иштери жүрүүдө

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында 27-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы «Ден соолук» медициналык реабилитациялык комплексинде оңдоо иштеринин жүрүшү, курулуш жана техникалык абалы менен таанышты. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, комплекстин директору Тилек Маткеримова «Ден соолук» МРКнын амбулатордук имаратынын базасында ушул жылдын 8-сентябрында ачылган Инновациялык кардиохирургия борбору ийгиликтүү иштеп жататканын билдирди. Ошондой эле, дагы бир имаратты оңдоо иштери жергиликтүү инвесторлордун эсебинен уланууда. Жалпысынан «Ден соолук» курулушун аяктоо үчүн 1 миллиард сомдон ашык каражат талап кылынат, — дейт ал.

Бейшеналиев белгилегендей, учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги оңдоону аяктоо үчүн кошумча акча чогултуунун үстүндө иштеп жатат. Комплекстин ишке берилиши президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

«МРКнын жайгашкан жери климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалып алынган, бул балдарды реабилитациялоого жана дарылоого толук кандуу салым кошкон. Эгерде биз бул комплексти ишке киргизе алсак, анда республиканын бардык аймактарынан жана коңшу өлкөлөрдөн келген балдар дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул дагы медициналык туризмдин өнүгүшүнө салым кошо алат. Бул уникалдуу медициналык мекеме, 7 бөлүмдөн турган 8 блоктон турат (неврологиялык, педиатриялык хирургия, өпкө, акушердик жана гинекология, функционалдык диагностика, онкологиялык, аллергиялык). Министрлик бул татаал ишти толук кандуу ишке ашыруу үчүн бардык күчүн жумшайт», — деди министр.

Белгиленгендей, бардык курулуш иштери аяктагандан кийин, борбор республиканын бардык булуң-бурчунан эмес, чет өлкөдөн келген балдарды кабыл ала алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button