Саясат

Кубанычбек Бөкөнтаев өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди

Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Бөкөнтаев бүгүн парламент жыйынында 2010 -жылы козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, бул маалымат таратканы үчүн убактылуу өкмөт тарабынан куугунтук болгон.

«Апрель окуясына чейин мен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштегем. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт бардык акча таланып-тонолгонун, анын ичинде Өнүктүрүү фондунда да акча жоктугун жарыялаган. Мен банк тармагына жооптуу болгондуктан, чыныгы кырдаалды билет элем. Ошондуктан, маалымат жыйынын уюштуруп, мамлекеттик бюджетте бир нече миллиард сом, ал эми фонддо 220 млн. доллар бар экенин ачык айткам. Ошондон кийин мени кызматтан алып, прокуратура коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал жерде кылмышты мен эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кылган. Алар өздөрү банк ячейкаларынан бир нече миллиард долларды алып, жок кылышкан».

Анын айтымында, 300 миллион доллар өлчөмүндөгү россиялык кредит Кыргызстанда болгон. «220 миллион доллар фонддун эсебинде болгон, калганы Камбар-Атага салынган»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Кубанычбек Бөкөнтаев 2010 -жылы кылмыш иши боюнча көрсөтмөсү мыйзамсыз алынганын айтты.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button