Коом

Бишкекте дары дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр болду

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык көмөгү менен Бишкекте Чүй жана Талас облустарындагы фармацевтикалык дүң жана чекене соода уюмдары үчүн тегерек стол өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарада дары дармектердин баасын жөнгө салуу, фармакологиялык көзөмөлдү уюштуруу, дары дармектерди улуттук электрондук маалымат базасын киргизүү жана «Электрондук жеңилдетилген рецепт» маалымат системасынын иши боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Тегерек стол президенттин администрациясынын, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин, Дары дармек жана медициналык техника департаментинин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө дарылар эң аз дегенде 3 эсе, эң жогору дегенде 10 эсе кымбат сатылып жатканын айтып, фарммафия аныкталганын билдирген.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button