Коом

Кыргызстандык аялдар Москвада массалык мушташ уюштурушту

Шаардык милиция кызматкерлери Кыргызстандан келген аялдар уюштурган массалык мушташты токтотууга жетишти. Бул тууралуу «Царьград» телеканалы укук коргоо органдарындагы булагына таянуу менен билдирди.

Колдо болгон маалыматка ылайык, мушташ Хачатурян көчөсүндө болгон. Ага жаш мигранттар катышкан. Алардын бирөө гана 40 жаштын тегерегинде.

Жаңжал башталганда  мушташкандарды  дароо эле  полиция кызматкерлери бөлүштүргөн. Мушташтын беш катышуучусу бөлүмгө жеткирилген.

Аялдар чыр -чатак оозеки сүйлөшүү менен чечилбей турган болгонун түшүндүрүшкөн.

Полиция  мушташка катышкан  мигранттардын Москвада каттоосу бар -жогун текшерип, аныктап жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button