Коом

Нур-Султан менен Алматы 5G түйүндөрүн сынай баштады

 Байланыш операторлору Нур-Султан менен Алматыда 5G түйүндөрүн сынай баштады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин билдирди.

Министр өзүнүн Инстаграм баракчасына борбордун айрым тургундары менен алматылыктар интернеттин ылдамдыгы мурдагыдан да жогору экенин сезе алышканын жазган.

«Биз 5G түйүндөрүн тесттик жайылтуу үчүн жыштык диапазондорун бөлдүк. Байланыш операторлору Нур-Султан жана Алматы шаарларынын айрым жерлеринде 5G тестин башташты. Биринчи сыноолор жакшы жыйынтыкты көрсөтүүдө»,-деди Багдат Мусин.

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министри 5Gге өтүү 2022 -жылга чейин этап менен жүргүзүлөрүн жана республикалык маанидеги шаарларда пландаштырылганын билдирген. Ошол эле учурда кескин өтүүлөр болбойт деп баса белгиледи.

Эске салсак, 2020 -жылы Кыргызстан байланыштын бешинчи муунун сыноону пландаган. Бирок, COVID-19дан улам кырдаалдын начарлашы социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жаңы технология жарандардын ден-соолугуна зыян келтирет, ал тургай коронавирусту пайда кылат деген жалган билдирүүлөрдүн массалык түрдө жайылышына алып келген.

Маалмат үчүн: 5G (бешинчи муун) — мобилдик байланыштын бешинчи муунун кыскартылган аталышы, ал учурдагы 3G менен 4Gнын ордун басат. Ал көптөгөн технологияларды камтыйт, алардын көбү дагы эле иштелип чыгууда. 5Gди киргизүүнүн эң маанилүү натыйжасы — бул маалыматтарды берүү ылдамдыгынын олуттуу жогорулашы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button