“Гик Кайди” компаниясы Чоң-Алайдан алтын концентратын өлкө аймагынан мыйзамсыз  ташып чыгып жатканын 2021-жылдын башынан  эле парламенттин трибунасынан ачык айтып, ал жакта жергиликтүү деңгээлдеги чиновниктердин коррупциялык кадамдарын ачыктоого жетишкен депутат Аккулу Бердиевтин эмгегин белгилеп койсо болот.

Бул компаниянын мыйзамсыз иш аракеттери боюнча жергиликтүү, Россиялык басылмаларда көптөгөн макалалар дагы жарык көрдү.

Мамлекет жетекчилиги көйгөйгө көңул бөлүп,   ведомстволор аралык өкмөттүк комиссия дагы түзүлдү.

Мындан ары Чоң-Алайдын алтын концентратын Кыргызстандан мыйзамсыз ташылып чыгып жатканын  токтотууга убакыт келип жетти.  Бул бир эле Чоң – Алай районуна эмес, экономикалык каатчылыкта турган өлкө казынансын толтурууга аябагандай чоң өбөлгө түзөт.

“Эл байлыгы – элге иштеш керек!”

https://www.youtube.com/watch?v=gcWC6c7Lb4k

Булак: Акмедиа