Коом

Кийинки жылдан баштап ӨКМ кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга жогорулайт

2022-жылдын 1-январынан баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу  маалымат жыйында ӨКМдин финансы башкармалыгынын башчысы Анаркул Нурмамбетова билдирди.

Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча, ӨКМдин кошумча жылдык талабы 312 млн 570 миң 699 сомду түзөт.

“Учурда башкармалыктын башчыларынын кызматтык маянасы (оклад) 12 миң сомду түзөт. Бөлүмдөрдүн улук офицерлери 8 миң 900 сом жана бөлүмдөрдүн офицерлери 8 миң 600 сом алышат. Кийинки жылдан тарта бөлүм башчылар 16 миң 500 сом, бөлүмдөрдүн улук офицерлери менен офицерлери 13 миңден 13 миң 300 сомго чейин алышат”, — деди Нурмамбетова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button