Президент Садыр Жапаров 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоо таза өтүп, административдик ресурс колдонулбай турганын айтты. Бул тууралуу ал 21-октябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өткөн мамлекеттик кызматкерлердин республикалык кеңешмесинди билдирди.

«Менин алдымда шайлоону таза өткөрүү милдети турат. Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Болгон күчүбүздү жумшайбыз. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ага жол бербейбиз. Мындан ары мурдагылардын катасын кайталай бербей, келечек муунга үлгү болгон шайлоону өткөрүп беришибиз керек. Ким кызматта туруп партияга же талапкерге иштесе, кызматтан эле алынып тим болбостон жоопкерчиликке да тартылыш керек»,- деди Жапаров.

Президент жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аким, мугалим, дарыгерлер шайлоодо кайсы бир сасий күчтөргө иштесе жазасыз калбай турганын кошумчалады.

Республикалык кеңешмеге Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин облустардагы өкүлдөрү, акимдер катышууда.