Тажикстан төрт күндөн кийин Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоону токтотту. Бул тууралуу журналисттерге энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Тажикстан менен электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүүгө жетишкен жок.

«Тажикстандан электр энергиясынын импорту тууралуу маалымат чыккандан кийин, аларда  да пикир келишпестик болду, анткени аларда дагы саясатчылар бар. Төрт күн эле электр жарыгын ала алдык», — деди Доскул Бекмурзаев.

Буга чейин  министр  1 -октябрдан тарта Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштаганын айткан. Бир нече күндөн кийин TР анын сөздөрүн четке какты.

«Тажикстандын энергетика тармагы тарабынан Кыргыз Республикасындагы кесиптештерине Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү боюнча эч кандай сунуштар жөнөтүлгөн эмес», — деп коңшу өлкөнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги белгиледи.