Саясат

Италияда Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги ачылды

Кечээ, 9-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлады.

«Элчиликтин ачылыш аземине Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Марина Серени, Италиянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспораларынын жетекчилери, кыргыз студенттери жана Италиянын жарандары катышты», — деп билдиришти министрликтен.

Өз кезегинде Италиянын тышкы иштер министринин орун басары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана аны жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгилеген.

Италия тарап жакынкы аралыкта Бишкекте өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууга, ошондой эле Кыргыз өлкөсү менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүгө ниеттенүүдө.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button