Коом

Кайгуул кызматкерин унаанын капотуна сүйрөгөн айдоочуга карата иш козголду

Бишкекте Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу милициянын кайгуул кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, аны капотуна сүйрөп кеткен. Бул тууралуу  милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочу Октябрь райондук милициясына жеткирилип, протоколдор түзүлгөн.

“Ал жарандын жанында айдоочулук күбөлүгү жок болгону жана “Коопсуз шаар” долбоору боюнча келген 15 айыптын төлөнбөгөнү аныкталды. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Унаа айып аянтчасына киргизилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button