Коом

Унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө 739 миң сом айып салынды

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан 10-ноябрына чейин Мамлекеттик салык кызматы КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 1418 рейд өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө 28 миң унаа текшерүүгө алынган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүк үчүн 739 миң сом өлчөмүндө 739 административдик айып салынган.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн туум эсептелет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button