Коом

Ата-Мекендик «Дастан» заводу Россиянын Аскер-деңиз флотуна 459 миллион сомго жабдыктарды берет

Кыргызстан менен Россия 459 миллион сомго (5,5 миллион долларга) аскердик-техникалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту, деп билдирди «Дастан» трансулуттук корпорациясы.

Келишим корпорация менен «Рособоронэкспорт» акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн.

«Дастандын» башкаруучулугун төрагасы Талантбек Иманов келишимге ылайык Россиянын Аскер-деңиз флотуна УСЭТ-80 (электр торпедасы) жана аны текшерүү-жөнгө салуу станциясы үчүн 54 аппараттык модуль чыгарып берерин билдирди.

«Келишим 459 миллион сомго эсептелди, мурда аталган сумма корпорациянын жылдык бюджетин түзчү. Бул макулдашуу россиялык өнөктөштөргө «Дастан» корпорациясынын потенциалын көрсөттү деп ишенебиз. Россиянын Аскер-деңиз флоту үчүн тетиктерди, суу алдындагы деңиз куралдарынын жабдыктарын жеткирүү ушуну менен токтоп калбайт деп үмүт артабыз», — деди Иманов.

Мындай продукциялар 2017-жылы заводдор аралык кооперациянын алкагында «Дагдизель» россиялык заводун атайын техника менен камсыздоо үчүн чыгарылганы айтылды.

Иманов 2021-жылдын февралында продукциянын баасы макулдашылып, апрелде Россия өндүрүш жана продукция менен таанышканын белгиледи. Андан соң акыркы келишимдерге кол коюлган.

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button