Жалал-Абадда Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги майыптыгы бар балдарга жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Айгерим Абдыкаарова баштаган эмгек жамаат жана шаардагы маршруттук каттамдарды тейлеген ЖЧКлардын жетекчилери тарабынан, Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесиндеги балдарга, жылуу кийимдер, жалаяктар, байпак жана шириндиктер тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган жайда 4 жаштан 18 жашка чейинки курактагы 114 бала бар.