Саясат

Режеп Тайип Эрдоган президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Туулган күнүңүз менен куттуктап, жакындарыңыз менен чогуу ден соолукта, бактылуу жана бейпил жашоо сүрүүңүздү каалайм.

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөрүлгөн шайлоолор тынч жана бейпил атмосферада жыйынтыкталгандыгы үчүн Сизди жана кыргыз элин чын жүрөктөн дагы бир жолу куттуктап, шайлоонун жыйынтыгы Дос жана бир тууган Кыргызстан эли үчүн ийгиликтүү болуусун тилейм.

Тарыхый жана маданий байланыштарыбыз бекем болгон стратегиялык өнөктөшүбүз Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерибизди коопсуздук, туруктуулук жана бакубатчылыкка салым кошо тургандай негизде уланта беребиз”, — деп айтылат Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоо телеграммасында.

Түркия лидери ошондой эле Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт-таалай, ал эми дос жана бир тууган Кыргызстан элине бакубатчылык жана аманчылык каалаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button