Саясат

БШКнын көз карандысыз текшерүү тобу бүгүн ишин баштайт

БШКнын көз карандысыз текшерүү тобу бүгүн ишин баштайт. Бул туурасында Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтуусуна караганда, ар бир топко жооптуу адамдар бөлүнөт.
Белгилей кетсек, өлкөдө 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн кол менен саноо иштери соңуна чыкты. Эми рамий жыйынтыкты БШК 18-декабрга чейин жарыялайт.
Акыркы маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 6 партия өтүүдө. Ал эми бир мандаттуу округдар боюнча 32 депутат өткөн. Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоо өтөт. Анткени аталган округдарда “барына каршы” добуш бергендер көп болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button