Коом
Казанда каза болгон кыргызстандык кыздын сөөгү мекенине жеткирилди
Казанда Кыргызстандын 19 жаштагы жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча, кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен. Март айында Москвадан Казанга келген.
«Окуяны Казань шаарынын тергөө органдары иликтеп жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маркумдун апасы менен байланышта болгон. Сөөк Кыргызстанга жөнөтүлдү”, — деп билдирди дипломатиялык өкүлчүлүк.
Элчилик этикалык нормаларды сактоо жана адам укуктарын сактоо максатында кыздын өлүмү боюнча айрым фактылар коомчулукка жарыя кылынбай жатканын белгиледи.