Коом

Оштун мэри Алмаз Мамбетов радио жана телевидение кызматкерлерин сыйлады

Бүгүн, 8-декабрь күнү радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Ага карата Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген телеканал, радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар мэриясы менен тыгыз кызматташып, мында жасалып жаткан жумуштарды коомчулукка жайылтууда салым кошуп келген кызматкерлер сыйланган.

«Калаа башчысы түйшүктүү жана сыймыктуу кесипти аркалап келген чыгармачыл инсандардын ишине ийгилик каалап, Ош мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүүгө дайым даяр экенин билдирди», — деп жазылган маалыматта.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button