Коом

“Күнөө өзүңдө”: Кыргызстанда гендердик зомбулукту кантип чагылдырабыз?

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте уюмдар менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана эксперттер салттуу жана социалдык тармактарда гендердик жана сексуалдык зомбулук боюнча кабарлоодо колдонулган тилди “Өнүгүүдө эмне иштейт” форматында талкуулашты. БУУнун Аялдар түзүмү жана International Alert уюмдары тарабынан уюштурулган иш-чара зордук-зомбулук тууралуу маалымат берүүдө иштей турган лексиканы колдоно ала турган кыргыз тилдүү медиа-ресурстар үчүн аянтча түзөт.

 

“ЖМКлардагы жаңылыктарга комментарий берүүдө, дегеле маалыматтык материалдарды берүүдө да көп калпыстыктарга күбө болуп келебиз. Эркектер физикалык жана эмоционалдык жактан күчтүү болушу керек, ал эми аялдар бардык нерседе эркектерине таянышы керек деген үй-бүлөдө жана коомдо аялдар менен эркектердин ролу жөнүндө стереотиптер таркап келет. Жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук пикирге чоң таасирин тийгизип, мындай стереотиптерди улантып келет. Андыктан гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда туура тилди колдонуу абдан маанилүү жана бул маселеде өлкөдөгү ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар негизги ролду ойнойт», – дейт International Alert уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Шакират Токтосунова.

 

“Коомдук пикир зомбулуктун пайдасына да, ага каршы да ойной алат. Азырынча зордуктаган эмес, зордук-зомбулуктан жабыркаган аялды айыптаган учурлар көп кездешет. Аялдар ар кыл пикирлерге дуушар болуп, аларга ярлыктар илинип жаткандыктар алар зордук-зомбулук жөнүндө унчукпай калышууда. Биз мамлекеттик өнөктөштөр, ошондой эле ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар менен бирге зордук-зомбулук темасын чагылдыруунун лексикасын өзгөртө алабыз деп ишенебиз, бул аркылуу — гендердик жана аялдар менен кыздарга карата сексуалдык зомбулукка каршы коомдук пикирди бекемдөөгө болот», – дейт БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран.

 

 

Талкуу гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында өтүп жатат, ал жыл сайын 25-ноябрдагы Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнү аяктайт. 2021-жылдагы кампаниянын темасы: «Дүйнөнү кызгылт сарыга айландыр: Aялдарга карата зомбулукту азыр токтот!»

 

Иш-чараны гендердик теңчиликти орнотууну жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөгөн БУУнун Аялдар түзүмү, ошондой эле Кыргыз Республикасында 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан көз карандысыз эл аралык тынчтык орнотуу жана чыр-чатактарды алдын алуу боюнча International Alert уюму тарабынан уюштурулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button