КоомСаясат

Нурбек Алимбековдун добуш сатып алууга тиешеси барбы: Ички иштер министрлиги текшерет

Ички иштер министрлиги Төлөйкөн округунун №8 шайлоо округунан көпчүлүк добушка ээ болгон Нурбек Алимбековдун добуш сатып алуусу боюнча БШКнын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобунан алынган маалыматты тактап жатат.

Алынган билдирүүдө талапкердин жакындары шайлоо күнү, 28-ноябрда шайлоочуларга акча таратышкан. БШК эгер бул маалыматтар тастыкталып, добуш сатып алуу талапкердин өзүнүн макулдугу менен болгону далилденсе, Нурбек Алимбековдун каттоосу жокко чыгарылып, Төлөйкөн шайлоо округу боюнча шайлоо өткөн жок деп табыларын белгиледи.

Маалым болгондй, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо өттү. БШК жыйынтыктарды бекитти.

№ 29 Свердлов шайлоо округунда жана No27 Биринчи Май шайлоо округунда кайра шайлоо өтөт. Ал жерде “бардыгына каршы” добушу көп алынып, добуш жараксыз деп табылды.

Булак: 24.кж МА

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button