Коом

Министрдин орун басары Араван РИИБдин жаңы кошумча имаратынын ачылышына катышты

Ички иштер министринин орун басары  Октябрь  Урмамбетов Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыдан курулган кошумча имаратынын ачылышына катышты.

 Ал расмий түрдө ачылышы катары тасма кесип, кызматтык бөлмөлөрдү ишке берди. Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Араван РИИБдин жетекчилерине жаңы иш бөлмөлөрү үчүн жаңы компьютерлерди жана башка жабдууларды тапшырды. Учурда иш бөлмөлөрү бардык зарыл болгон заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Жаңы имаратта райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери иштешет.

Ошондой эле,  министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов менен биргеликте аталган бөлүмдүн техникалык базасын карап чыгышты. Андан сырткары, бөлүмдүн кошумча чарбалыгы болгон лимон өстүрүүчү күнөсканага барды. Райондук милициянын кызматкерлери  лимон бышып  калганын жана жакында жаңы жылдык дасторкон үчүн чогулта турганын билдиришти. Октябрь Урмамбетов мындай саамалыкты колдой тургандыгын  жана  өздүк курамга кызматында ийгиликтерди каалады.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button