Коом

Ош облусунун аймагында жаңы жылдык салтанаттарга байланышту коопсуздук чаралары күчѳтүлүүдѳ

2021-жылдын 25-декабрынан 2022-жылдын 5-январына чейинки мезгилде Ош облусунун бардык райондорунда пиротехникалык каражаттарды сактоо жана сатуудагы коопсуздук чаралар боюнча рейддер жүргүзүлүүдѳ. 

Ноокат, Чоң-Алай, Араван, Алай, Кара-Суу райондорунун аймагында 25-26-27-декабрь күндѳрү райондук ички иштер бѳлүмүнүн, ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин, райондук салык кызматынын ѳкүлдѳрү  менен биргеликте  комиссия түзүлүп, жаңы жылдык салтанаттарга байланыштуу сатыкка чыгуучу пиротехникалык жардырылуучу жасалмаларды (салют, ж.б) сатууда жана сактоодо коопсуздук чаралары боюнча  комплекстүү рейд жүргүзүлүүдѳ. Райондордун борбордук базарлары, айылдардагы соода түйүндѳр  текшерүүгѳ алынып, пиротехникалык  жасалмаларды сатуучулардын пиротехникалык каражаттарды сатууга уруксаты жок сатууга тыюу салынаарын эскеришти.

Аталган иш-чара учурунда  жаңы жылдык балаты коюлган жерлерде  ѳрт коопсуздугун сактоо боюнча да нускамалар берилди. Иш-чара учурунда Ош облусу боюнча пиротехникалык каражаттарды сатуучу 20 соода-түйүн текшерилди. Текшерүү учурунда уруксаты жок сатылып жаткан 18 пиротехникалык каражат алынган. Бул иш-чара жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүчү жагдайлардын  жана ѳрт коопсуздугун алдын алуу болуп саналат. Бул иш-чаралар улантылып жатат.

Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button