Саясат

“Ысык-Көл”мейманканасын бузуу боюнча Адахан Мадумаровго Эрбол Султанбаев жооп берди

«Мурда Мадумаров мырза өзүнүн мамлекеттик, саясий же коомдук ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде «Ысык-Көл» мейманканасын калыбына келтирүү зарылдыгын коомчулукка ачык жарыялаганы эсибизде жок», — деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев саясатчынын сөзүнө.

Эрбол Султанбаев мейманкана көп жылдар бою иштебей тургандыгын, эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиктен Бишкек шаарында жайгашкан Жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин реестринен чыгарылганын белгилейт. Анын айтымында, аны реконструкциялоо үчүн жаңысын куруу менен бирдей сумма талап кылынат.

«Мейманкана Бишкектин аймагындагы жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер тизмесинен чыгарылган. Анткени имарат көп жылдар бою колдонулбай, эскилиги жетип, жараксыз абалга келген. Президенттин иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак. Мадумаровдун чет элдик инвесторлор тууралуу айткандары боюнча бүгүнкү күндө кайсыл бир чет элдиктерди тартуу маселеси турган жоктугун белгилейбиз. Аталган саясатчы ар бир «актуалдуу темада» «ызы-чуу жаратууга» аракет кылып жаткандай таасир калтырат”, — деди Эрбол Султанбаев.

Буга чейин Адахан Мадумаров бийликти “Ысык-Көл” мейманканасын бузууну токтотууга чакырган. Анын айтымында, өлкөдө Кыргызстанды символдоштурган тарыхый жерлер ансыз да аз. Ал мындан тышкары, мейманкананын бузулушу ага караштуу жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу ыктымалдыгын айткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button