Коом

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун Жаңы жылга карата куттуктоосу

Кадырман замандаштар! Урматтуу ички иштер органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери, милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү!
Жылдар өтүп, мезгилдер алмашып, күнтизмек өз ыргагында арышын кере берет. Арийне, алардын ажырымын жыл санак менен ченеп, өткөнгө саресеп, келечекке максат коёт эмеспизби. Ооба, алмашкан жыл менен арыш салган келечекке карата өзгөчөлүктү издейбиз.

Кеткен кемчиликтерден сабак алып, изги ийгиликтерди арттырууга бел байлайбыз. Бул алкактан алганда өтүп бара жаткан жылыбыз да элибиз үчүн бир топ жемиштүү болгондугун белгилей кетмекчимин.

Айрыкча, элдин бейпилдигин, өлкөбүздүн коопсуздугун сактаган Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн да ийгиликтердин жылы болду, санариптештирүүнүн жылы болду.
Жыл ичинде милиция кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттарды түзүү менен алардын социалдык абалын жакшыртуу максатында бир топ ийгиликтүү иштердин өтөөсүнө чыга алдык.

Албетте, бул жасалган иштер менен эле жалпы тармакта көйгөйлөрдү чече алдык деп айтуу эрте. Бул иштин башталышы гана болду. Алдыда мындай маселелерди чечүүдө жасай турган иштерибиздин чети да оюла элек. Алдыда биз үчүн дагы да көптөгөн демилгелүү аракеттерди жасоого туура келүүдө.
Себеби, ондогон жылдардан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү бир жылда чечип коюу мүмкүн эмес. Бирок ошого карабастан тер төгө күнү-түнү чекте турган, керек болсо коомдук коопсуздукту сактоодо өмүрүн да аябаган эр жүрөк кесиптештериме ыраазычылык билдиремин.

Азыр эл үчүн тынчтык жана барчылык эӊ башкы маселе. Ар бир жарандын, үй-бүлөнүн бакубат турмушу-жалпы өлкөнүн ийгилиги. Ал үчүн милиция кызматкерлери күнү-түнү элдин коопсуздугунда кызмат кылып, тынчтыктын кепилдиги болуп келатат. Биздин эл бардык кыйынчылыктарды жеӊип, Кыргызстан чыныгы демократиялуу, ар тараптан өнүккөн мамлекеттердин катарында экенин далилдей алат деп тереӊ ишенемин.
Азыр бүткүл дүйнөнүн көӊүл чордонун ээлеп, санаага салып жаткан экономикалык каатчылыктын, анын ичинде эл аралык терроризм коркунучу кырдаалында кылым карыткан жолду басып өткөн акылман кыргыз эли нукура сабырдуулуктун үлгүсүн көрсөтүп келатканы кубандырат.

Биз дагы улуу бабалардын жолун жолдоп, алдыдагы максаттарыбызды туура белгилеп, жаӊы жылда жаӊы дем, жаӊы күч менен аракеттенип, мүмкүнчүлүктөрдү ыктуу пайдалануу менен эгемендүүлүгүбүздү жана мамлекеттүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактап байытууга, ошондой эле улуттук кайра жаралуунун туруктуу жолуна түшүп, алга карай ишенимдүү кадам таштоо аркылуу турмуштун бардык чөйрөсүндө албан ийгиликтерди камсыз кылууга бирдиктүү салым кошуубуз кажет!

Өтүп бара жаткан жыл мамлекет үчүн да, анын ичинде Ички иштер тармагынын кызматкерлери үчүн да өтө олуттуу жылдардан болду. Атап айтсак, 2021-жылдын 10-январында өлкөнүн Президентин шайлоо кампаниясы жүрсө, ушул эле жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо кампаниясы орун алды. Ошол эле маалда Кыргыз мамлекетинин эгемендигинин 30 жылдыгы белгиленип, мамлекеттик деӊгээлде иш чаралар бардык аймактарда белгиленди. Мындай өтө олуттуу, ары жоопкерчиликтүү кырдаалдарда Кыргыз милициясы өз милдетин так аткара алды.
Айрыкча, мына ошол шайлоо учурунда элдин бейпилдигин, өлкөбүздүн коопсуздугун тикеден-тик туруп сактаган ички иштер органдарынын кызматкерлерине дагы бир ирет ыраазычылык билдирип кетем.

Ооба, алдыда жаӊы 2022-жыл кирип келе жатат. Дегеле, Жаңы жыл башка майрамдардан өзгөчөлөнгөн, адамдардын ынтымагын, биримдигин чыңдаган, бири бирине жакшы тилектерин айтып, бири-бирине жаркын келечек каалаган жан дүйнөнүн майрамы эмеспи. Келе жаткан жылыбыз кыргыз элине байгерчилик жашоо, тынчтык алып келип, элибизди ден соолук, ынтымак, токчулук, тынчтык коштоп,
Кыргызстаныбызды өнүгүп-өскөн, экономикасы гүлдөгөн, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошсун деген тилекти кааламакчымын. Ал үчүн ар бир атуул өзүнүн эл үчүн жасай турган милдетин орду менен аткарып, өз көмөчүнө күл тартпай, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши шарт. Ошондо биз жана айтылган тилектердин өтөөсүнө чыга алабыз.

Урматтуу Кыргызстандыктар, ички иштер органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери. Милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү!
Сиздерди дагы бир жолу Жаңы 2022-жылыңыздар менен куттуктаймын жана ишиңиздерде албан-албан ийгиликтер жаралып, үй-бүлөңүздөрдө бактылуу жашоо өкүм сүрүп, ден соолугуңар бекем болуп, мамлекетибизде тынчтык болсун. Жаңы жыл жакшылыктардын, жакшы жетишкендиктердин жылы болсун. Жаңы жылыңыздар менен!

Улан НИЯЗБЕКОВ, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри,
милициянын генерал-майору

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button