Коом

Бишкек Мэриясы жүргүнчү казакстандыктарды камкордукка алып, чек арага чейин узатууда. Сүрөт

Бишкек мэриясы үчүнчү өлкөдөн Казакстанга Бишкек аркылуу бара жаткан жүргүнчүлөргө транспорт бөлүп, мейманканада түнөк уюштуруп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев казакстандыктарды тосуп алууну уюштуруу боюнча шаардык штабдын иш-планын бекиткен. Ал боюнча шаардык кызматтар, райондук администрациялар жана Казакстандын элчилиги макулдашылган иштерди жүргүзүүдө.
8-январга караган түнү жана эртең менен Бишкек мэриясынын кызматкерлери Казакстандын 32 жаранын «Манас» аба майданынан тосуп алып, «Достук» мейманканасына жайгаштырды.
«Үчүнчү өлкөдөн Казакстанга Бишкек аркылуу бара жаткан транзиттик жүргүнчүлөр үчүн мэриядан транспорт бөлүнүп, ысык тамак уюштурулуп, кайра жолго чыкканга чейин мейманканада түнөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Төлөмдөр мэриянын резервдик фондунан жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт», — деп жазылган маалыматта.
Учурда мэрия менен элчиликтин кызматкерлери «Достук» мейманканасындагы жүргүнчүлөрдү «Ак жол» көзөмөлдөп өткөрүү пунктуна чейин жеткирүүгө камынып жатат. Бул үчүн мэриянын автобустары даярдалган.
Муниципалитет ыктыярчыларды иш-аракеттерди чогуу алып барууга чакырды. Ал үчүн мэрияга барып же муниципалитеттин аппарат башчысы Миргазы Исаковго 0555 988 866 номери аркылуу чалууга болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button