Коом

Токаев 10-январды улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингден улам болгон башаламандыкта каза тапкандарга байланыштуу 10-январды жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялоону чечти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Өлкө башчынын маалымат катчысы Берик Уали тиешелүү жарлык Акорданын сайтына жарыялана турганын билдирген.
Казакстандын бир нече аймагында болгон нааразычылык акцияларында жарандар менен катар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да көз жумган. Расмий бийлик көз жумгандар менен каза тапкандардын так санын айта элек.
РИА Новостинин БУУнун маалыматына таянып жазганы боюнча, митингдерде миңдей киши жаракат алып, күч түзүмүнүн 18 кызматкери көз жумду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button