Коом

ИИМ: Баткенде ок атуучу куралга этиятсыз мамиле жасагандыктан жоокер кокусунан жанындагы жоокерди атып алды

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жоокери Чек ара кызматынын жоокерлери менен биргеликте Лейлек районундагы Сада айылындагы чек арага жакын нөөмөт пунктунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан учурда кокустуктан чогуу кызмат кылган жоокерди ок атуучу куралдан атып алган.

Ок атуучу курал алып жүрүүдө коопсуздук талаптарын бузуп, бири-бирине ойноп курал кезегендиктен улам ички аскерлердин катардагы жоокери 2002-жылы туулган Н.у Т. кокусунан бет маңдайда турган шериги ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып алган.
Жарадар болгон катардагы жоокер 2003-жылы туулган М.у.К. дароо ооруканага жеткирилген, тилекке каршы жаракат алган жоокер ооруканадан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ички аскерлердин жоокери «АКС-У» ок атуучу куралын колдонууда коопсуздук талаптарын сактабастан, курал менен ойноп, ок атуучу куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам маңдайында турган чогуу кызмат өтөгөн ички аскерлердин жоокери тарапка ок чыгарып атып алган. Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен биргеликте окуянын бардык жагдайларына текшерүүнү жүргүзө баштады.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button