Коом

Баткенде контролдук кассалык аппараттарды орнотуу боюнча облус аймагында түшүндүрүү иштери уланууда

Өкмөттүн 24-июнундагы №356 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун негизинде жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаевдин атайын буйругу чыгып, анын алкагында Баткен облусунун аймагындагы ишкердик жүргүзгөн субъектилер арасында контролдук кассалык аппараттарды колдонуу жана орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүнкү күндө ККМди орнотууну активдештирүү максатында атайын ыкчам штаб түзүлүп, жер жерлерде тиешелүү кызматтар тарабынан  ишкердик жүргүзгөн субъектилер арасында түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлүүдө.

ККМ менен иштөөнүн артыкчылыктарынын катарына ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн сезилерлик жеңилдиктер, ачык-айкын фискалдык система, жагымдуу атаандаштык чөйрө, салыктык контролдун ар кандай түрлөрүн кыскартуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кирет.

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында ККМдин эки – аппараттык жана программалык модели колдонулат.

Аппараттык ККМ – дисплейи бар кадимки кассалык аппарат.

Программалык ККМ – бул компьютерге, планшетке же смартфонго орнотула турган жана кассалык чектин электрондук форматын түзүү жана жөнөтүү функциясы бар программалык продукт же тиркеме. Программаны бекер жүктөп алып, керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек чыгаруучу принтерди сатып алуу жетиштүү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button