Коом

Улуттук университет Баткен районундагы “Дөбө” орто мектебине гуманитардык жардам көрсөттү

2022-жылдын 10-январь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында КУУнун ректору Канат Садыков Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан “Дөбө” орто мектебинин директору Тиллебай Курбанбековго 13 (он үч) компьютер, бир принтер жана бир интерактивдүү доскадан турган техникалык каражаттарды тапшырды.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде Канат Садыков аталган мектеп бекеринен тандалбаганын, ал мектепте Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын балдары окуурун, министрликтен жана райондон ушул мектепти камкорчулукка алгыла деген сунуш болгонун айтып, Улуттук университеттин эмгек жамааты бир күндүк маяна өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечкенин, ал каражатка “Дөбө” мектебине керектүү эмеректер жана техникалык каражаттар алынганын, эмеректер буга чейин берилгенин билдирди жана аталган мектептин директору Тиллебай Курбанбековго 13 (он үч) компьютер, бир принтер жана бир интерактивдүү доскадан турган техникалык каражаттарды тапшырды.

Тиллебай Курбанбеков чек ара тилкесинде жайгашкан “Дөбө” орто мектебине жардам бергендиги үчүн Улуттук университетке жалпы элдин, мугалимдер менен окуучулардын атынан терең ыраазычылык билдирип, “Кыргыз элинин артыкчылыгы — дайым “ач калганда, кеч калганда” бири-бирине жардам берет; “Дөөлөт кетсе кетсин, ынтымагыбыз кетпесин” демекчи, мамлекетебиздин келечеги үчүн кыргыз элинде, кыргыз мамлекетинде дайым ынтымак болсун; дайым бири-бирибизди колдоп жүрөлү. Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын балдары окуган мектепти техникалык каражататар менен камсыз кылганыңыздар үчүн сиздерге таазим этип, терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин баарыныздарга – бала-бакыра, үй-бүлө, эмгек коллективине жараткан кудай чың ден соолук, ишиңиздерге оомат берсин. Дайым бар болунуздар, дайым ийгиликтер болсун. Чоң рахмат”, — деди.

Техникалык каражаттарды тапшырып жатып, Канат Садыков “Барганда Улуттук университеттин жамаатынын атынан мектеп мугалимдерине, окуучуларына салам айтып коюңуз. Жаңы жылда жалаң ийгиликтер, жакшылыктар болсун. Мектептин бүтүрүүүлөрүнө биздин колледжге өтүп, окуганга мүмкүнчүлүк түзүп бергенге даярбыз. Сиздердин мектепке көз салып турабыз. Ийгиликтер болсун”, — деген каалоо-тилектерин айтты.

Жыйынга Улуттук университеттин окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Садык Алахан (Тиллебаев), административдик жана чарба иштери боюнча проректору Туратбек Суранаев, башкы бухгалтер Рысхан Абдырахманова жана түзүм башчылары катышты.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button