Саясат

Равшан Сабиров: «Асман» шаарын курууда дирекцияга жетекчи кылып Тимур Файзиевди Акылбек Жапаров бекиткен

Мындай пикирин депутат Равшан Сабиров «Би-Би-Сиге»  берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик дирекциянын жетекчисин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бекитет жана кызматтан алат.

«Президенттин кеңешчиси болуп турганымда бул долбоорду координациялагам. Ошол убакта бул долбоордун автору Руслан Акматалиев деген жигит аркылуу келген идея. Көп инвестор келген. Тактап айта турган болсом ошол убакта Түркиянын вице-президенти Фуат Октай өзү келген. Жеринен барып көргөнбүз. Жерди, тоону, сууну абаны талдоо үчүн тиешелүү мекеменин баары тартылган. Ошол учурда Дубайдан прниц да келген. Өзүм ошол жерге алып барганмын. Эл аралык деңгээлде бул долбоорго кызыгуу абдан чоң. Мен президенттин кеңешчиси кызматынан бошогондон кийин ачыгын айтканда бул долбоор токтоп калган. Кийин шайлоого катышып, мандат алдым. Эми бул ишти кайрадан жандандырдык. Азыр дирекцияга жетекчи кылып Тимур Файзиев дегенди шайлашыптыр. Эки күн мурун мамлекет башчысы “мурдагыдай эле кеңешмени сен координациялап, өткөр. Жумушчу топту топто” деди. Мен үч күн мурун өкмөттүн жыйындар залында жыйын өткөрдүм. Канча кабат курулат, экология, жарандар менен сүйлөшүү, сууну кайдан алып келебиз деген сыяктуу суроолордун баарын жыйында сүйлөштүк. Конкреттүү маселелер коюлду. Координация мурдагыдай эле мага өттү окшойт

Мен Файзиевди таанычу эмесмин. Ачык айтайын. Жыйын учурунда таанышып, телефон номерлерибизди дагы алмаштык. Чогуу иштешебиз деп макулдаштык. Ал Акылбек Жапаровдун буйругу менен бекитилди да», — деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button