Саясат

Чолпон Султанбекова: «Баткен облусунда балдар Шавкат Мирзиёевди биздин президент дешет»

Баткен облусунда балдар Шавкат Мирзиёевди биздин президент деп эсептешет. Бул тууралуу депутат Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өлкөнүн бардык аймактарын санариптик телеберүү менен камсыздай албайт.

«Аймактарда жада калса жергиликтүү санариптик телекөрсөтүү жок болгондо кантип интернет жөнүндө сөз кыласың? Баткенде өзбек же тажик сыналгысын көрүшөт, мисалы Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында, биздин президент ким деп сурасаң, балдар Өзбекстандын президентинин атын айтышат», — деди депутат.

Эске салсак, Кыргызстанда бир нече жылдан бери санариптештирүү тууралуу сөз болуп келет. Сооронбай Жээнбековдун тушунда эки жыл катары менен 2019 жана 2020-жыл санариптештирүү жылдары деп жарыяланган.

Азыр Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине Алексей Ширшовдун мурдагы айдоочусу жана «ТНК Дастан» ишканасынын жетекчиси Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button